“Таш-Мойнок айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин 2024-жылдын “ 29 ” мартында № 224 токтому

12 Апреля 2024

1. Жалпы жоболор

1.1.“Таш-Мойнок  айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси (мындан ары – айылдык кеңеш) – тиешелүү мыйзамдарда белгиленген тартипте шайлануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.

1.2.  Айылдык кеңеш өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, башка ченемдик актыларга жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.

1.3. Айылдык кеңештин уюштуру-укуктук формасы – мекеме.

1.4. Айылдык кеңештин толук фирмалык аталышы:

Мамлекеттик тилде: " Таш-Мойнок   айыл аймагынын айылдык кеңеши " мекемеси;
Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш Таш-Мойнокского  айылного аймака"

Айылдык кеңештин кыскартылган фирмалык аталышы:

Мамлекеттик тилде: " Таш-Мойнок   айыл аймагынын айылдык кеңеши " мекемеси;
Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш Таш-Мойнок   айылного аймака"

1.5. Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы, Аблесов С. көчөсү № 53  болуп аныкталсын.

1.6. Мекеменин иштөө мөөнөтү чектелбейт.

1.7. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак болуп саналат. Айылдык кеңеш өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана милдеттерди тартууга, келишим түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга, оперативдүү башкаруу укугунда негизги жана жүгүртүү каражаттарына, өз алдынча баланска, банктардагы алыш-бериш жана башка эсептерге, өзүнүн символикасы бар мөөргө, штампка жана бланктарга ээ болууга укуктуу.

Айылдык кеңештин сессиясы

2.1. Жергиликтүү кеңештердин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп алардын сессиялары эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.

2.2. Жергиликтүү кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышса укуктуу. Айылдык кеңеш чечимди жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.

2.3. Жергиликтүү кеңештердин сессиялары ачык, кварталына кеминде бир жолу же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт. Жергиликтүү кеңештин сессиясын чакыруу жана жыйналышты өткөрүү тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.

 

3. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары

3.1. Айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештери мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде маселелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.

3.2. Айылдык кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:

1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;

2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;

3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;

4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;

5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин, анын ичинде муниципалдык менчиктин объекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролду ишке ашыруу;

6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иш жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын отчетун угуу;

7) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;

8) кеңештин регламентин кабыл алуу;

9) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;

10) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануу үчүн, ошондой эле мыйзамдарга ылайык турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди бекитүү;

11) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;

12) ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;

13) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү;

14) бюджетти, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;

17) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.

 

4. Айылдык кеңештин туруктуу жана

убактылуу комиссиялары

4.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.

Айылдык кеңештин карамагына кирген маселелер тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралбай туруп, жергиликтүү кеңештин сессиясында каралышы мүмкүн эмес.

4.2. Комиссиялардын тизмегин, алардын сандык курамын жана шайлоо тартибин тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттык фракцияларынын, топторунун жана депутаттарынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш аныктайт.

4.3. Туруктуу комиссиялар тиешелүү айылдык кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.

4.4. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өз ишинин негизги багыттары боюнча чакан комиссияларды түзө алат.

4.5. Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кеңеш туруктуу комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.

4.6. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ага өз милдеттерин аткарууга мүмкүндүк бербеген жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.

4.7. Айылдык кеңештердин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, уюштуруу жана иш тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен белгиленет.

 

5. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын

ыйгарым укуктары

5.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары:

1) кеңештин кароосуна киргизилүүчү маселелерди даярдоого катышат;

2) тиешелүү аймакта социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо маселелери боюнча сунуштарды кеңешке киргизет;

3) жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына контролду ишке ашырат;

4) өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн жана башка адамдарды тартууга укуктуу;

5) иш-аракеттеринин майнаптуулугун жана натыйжалуулугун аныктоо максатында жергиликтүү кеңеш кабыл алган ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү жергиликтүү кеңеш белгилеген тартипте туруктуу негизде жүргүзөт.

5.2. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин жана кызматкерлерин угууга укуктуу. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнө караштуу аймакта жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин ыкчам-чарбалык ишине кийлигишүүгө укуксуз.

 

6. Айылдык кеңештин төрагасы

6.1. Айылдык кеңештин төрагасы тиешелүү жергиликтүү кеңештин сессиясында кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.

6.2. Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү укугуна депутаттык фракция же 5 депутаттан кем эмес сандагы топ ээ.

6.3. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн жана шайлоонун тартиби жана шайлоонун башка жол-жоболук маселелери айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат.

6.4. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.

 

7. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарлары

7.1. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары сессияда жергиликтүү кеңештин төрагасынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ичинен шайланат.

7.2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда аны алмаштырат.

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жергиликтүү кеңештин төрагасынын алмаштырган учурда ушул Мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү кеңештин төрагасына төлөнүүчү компенсациянын суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө компенсация алат.

7.3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча бошотулушу мүмкүн.

7.4. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.

7.5. Айылдык кеңештин кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылышат.

7.6. Депутаттын ыйгарым укуктары тийиштүү кеңештин биринчи сессиясы ачылган күндөн тартып башталат жана кийинки шайланган кеңештин биринчи сессиясы ачылган күнү бүтөт.

 

8. Жобого өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү тартиби

8.1. Айылдык кеңештин жобосуна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү, аны жаңы редакцияда бекитүү Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен белигленген тарипте  жүзөгө ашырылат.

8.2. Айылдык кеңештин ушул Жободо көрсөтүлбөгөн ишинин маселелери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен жөнгө салынат.

 

9. Айылдык кеңештердин ыйгарым

укуктарынын токтотулушу

9.1. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары ушул чакырылыштагы айылдык кеңештин депутаттары шайланган мөөнөт аякташына байланыштуу, ошондой эле кеңештин жаңы курамы түзүлүшүнө, кеңеш мөөнөтүнөн мурда таратылышына байланыштуу токтотулат.

9.2. Айылдык кеңеш төмөнкүдөй учурларда Президент тарабынан мөөнөтүнөн мурда таратылышы мүмкүн:

1) тиешелүү айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес добушу менен кабыл алынган чечим боюнча;

2) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же акимдин сунушу боюнча;

3) кайра уюштурууга алып келген тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин чек аралары өзгөргөн учурда;

9.3. Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө айылдык кеңештин чечими жарлыкты чыгаруу үчүн Президентке кеңештин төрагасы тарабынан жиберилет.

9.4. Административдик-аймактык бирдиктин чектерин өзгөртпөстөн анын аталышын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана жергиликтүү кеңешти таратууга алып келбейт. Президенттин кайра уюштурууга байланыштуу айылдык кеңешти таратуу жөнүндө жарлыгы, эгерде мыйзамдын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса, тиешелүү административдик-аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбестен чыгарылууга тийиш.

9.5. Мөөнөтүнөн мурда таратуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да таратуу жөнүндө Президенттин жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таратылды деп эсептелет.

9.6. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таратылган учурларда мүлкүнүн жана документтеринин сакталышы үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын тиешелүү башчысы тартат.

 

10. Айылдык кеңешти кайра уюштуруу жана жоюу

10.1. Айылдык кеңешти кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

10.2. Айылдык кеңештин иши токтотулган учурда анын документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.

Файлы:
  1. ~$БО КЕНЕШ.docx (0.20 KB)