Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, Таш-Мойнок айылдык кеңеши
Таш-Мойнок айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын жыйыны чакырылсын. Жергиликтүү жамааттын жыйыны 2025-жылдын 01 -ноябрында саат 10-00 Таш-Мойнок орто мектебинин имаратында өткөрүлсүн.
Жергиликтүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны калктын санына жараша 80 киши деп белгиленсин, ар бир айыл боюнча делегаттардын саны № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
Жергиликтүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча Таш-Мойнок айыл аймагынын жергиликтүү жааматынын чогулуштарын өткөрүү графиги №3 тиркемеге ылайык бекитилсин;
Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топко:
2025-жылдын 17-нен 21-октябрына чейин жергиликтүү жамааттардын Курултайына делегаттарды көрсөтүү үчүн жергиликтүү жамааттардын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрсүн;
Таш-Мойнок айыл аймагынын тургундарына Курултай тууралуу маалымат берүү иштерин жүргүзүшсүн;
Таш-Мойнок айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Курултайынын күн тартибинин долбоору иштеп чыгарылсын;