Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Таш-Мойнок айыл аймагынын башчысы Б.С.Асанкуловдун жана Сакин Бегматова атындагы Таш-Мойнок мектебинин мүдүрү В.И. Чылпакбаеванын «Сакин Бегматова атындагы Таш-Мойнок жалпы билим берүү мектебинин тегерегиндеги жолдорун жана мектеп алдындагы аянтчаларын асфальттоо» долбоору жѳнүндѳгү сѳзүн угуп, талкуулап жана отурумдун протоколунун негизинде, Таш-Мойнок айылдык кенеши
Токтом кылат:
1. «Сакин Бегматова атындагы Таш-Мойнок жалпы билим берүү мектебинин тегерегиндеги жолдорун жана мектеп алдындагы аянтчаларын асфальттоо» долбоорунун документтерин даярдоо Таш-Мойнок айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.С. Асанкуловго тапшырылсын.
2. Долбоорду биргелешип каржылоого жана ишке ашырууга Таш-Мойнок айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен - 875 000 сом акча каражаты бѳлүнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.