14-октябрь 2025 жыл № _89

23 Февраля 2026

«Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Таш-Мойнок айыл  аймагынын башчысы  Б.С.Асанкуловдун жана  Сакин Бегматова атындагы Таш-Мойнок   мектебинин мүдүрү  В.И. Чылпакбаеванын  «Сакин Бегматова атындагы Таш-Мойнок жалпы билим берүү мектебинин айланасын тосуу»  долбоору жѳнүндѳгү  сѳзүн угуп,  талкуулап жана отурумдун протоколунун негизинде,  Таш-Мойнок айылдык кенеши

Токтом кылат:

  1.  «Сакин Бегматова атындагы Таш-Мойнок жалпы билим берүү   мектебинин  айланасын тосуу» долбоорунун      документтерин  даярдоо Таш-Мойнок айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.С. Асанкуловго тапшырылсын.

2.   Долбоорду биргелешип каржылоого жана ишке ашырууга  Таш-Мойнок айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен -  571 000    сом  акча каражаты бѳлүнсүн.

3.    Бул токтомдун аткарылышын  кѳзѳмѳлдѳѳнү  ѳзүмѳ  калтырам.

Файлы:
  1. Токтом № 89 14.10.2025.PDF (79.90 KB)