Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34 бер. ылайык, кеңештин кароосуна берилген кайрылууну карап, талкууга алып, отурумдун протоколунун негизинде, Таш-Мойнок айылдык кеңеши токтом кылат
“Эркинбаев Шаршен атындагы Горная-Маевка жалпы билим берүү мектебинин спорт залын оңдоп түзөө” долбоорун дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн бюджетинен биргелешип төлөм жүргүзүү үчүн 1 080 000 (бир миллион сексен миң) сом бөлүнүп берилсин.
“Эркинбаев Шаршен атындагы Горная-Маевка жалпы билим берүү мектебинин спорт залын оңдоп түзөө” долбоору боюнча Эркинбаев Шаршен атындагы Горная-Маевка жалпы билим берүү мектебинин өтүнүчү бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү өзүмө калтырам.
Төрага Сагындык уулу К.