Жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражат бөлүү туралуу
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34 бер.лайык, кеңештин кароосунда берилген кайрылууну карап, талкууга алып, отурумдун протоколунун негизинде, Таш-Мойнок айылдык кеңеши токтом кылат
«И. Таранчиев атындагы Беш-Күнгөй жалпы билим берүү мектебине чуркоо жолун куруу» долбоорунун берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен ишке ашууруу үчүн Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн бюджетинен биргелешип төлөм жүргүзүү үчүн 337 520 (үч жүз отуз жети миң беш жүз жыйырма) сом бөлүнүп берилсин.
«И. Таранчиев атындагы Беш-Күнгөй жалпы билим берүү мектебине чуркоо жолун куруу» долбоору боюнча И. Таранчиев атындагы Беш-Күнгөй жалпы билим берүү мектебинин өтүнүчү бекитилсин.
Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү өзүмө калтырам.
Төрага Сагындык уулу К.