Таш-Мойнок айыл аймагынын муктаждыгы үчүн техника алуу жөнүндө
Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн чарба иштерин уюштуруу жана муниципалдык милдеттерди натыйжалуу аткаруу максатында, Таш-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтү үчүн «Мамлекеттик лизинг компаниясы» аркылуу техника алуу маселеси каралып, Таш-Мойнок айылдык кеңеши токтом кылат:
Таш-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муктаждыктары үчүн төмөнкү атайын техникаларды ОАО «Государственная лизинговая компания» аркылуу лизингке алууга макулдук берилсин:
эксковатор Hyundai R140W-9S — жеткирүүчү “Азия моторс” ЖЧКсы - 13 165 000 сом.
мусоровоз SinotrukHowoZZ5332ZYS16 – жеткирүүчү “Howo Centre” ЖЧКсы –– 4 048 00 сом
самосвал 15 тн FAW JK6 –– жеткирүүчү “Вираж” ЖЧКсы (коммерциялык аталышы “LKW Centre”) - 3 375 000 сом.
Техниканы лизинг аркылуу алуу менен байланышкан чыгымдарды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен төмөнкү өлчөмдө каржылоо бекитилсин, төлөм бекитилген графикке ылайык жүргүзүлөт:
- 2025-жылы – 3 480 162, 71 (үч миллион төрт жүз сексен миң жүз алтымыш эки) сом;
- 2026-жылы – 5 591 186 (беш миллион беш жүз токсон бир миң жүз сексен алты) сом;
- 2027-жылы – 5 191 470 (беш миллион беш жүз токсон бир миң төрт жүз жетимиш) сом;
- 2028-жылы – 4 770 240 (төрт миллион жети жүз жетимиш миң эки жүз кырк) сом;
- 2029-жылы – 4 368 541 (төрт миллион үч жүз алтымыш сегиз миң беш жүз кырк бир) сом;
- 2030-жылы – 3 960 617 (үч миллион тогуз жүз алтымыш миң алты жүз он жети) сом.
Тиешелүү суммалар 2026-2030 жылдар үчүн бюджет долбоорлоруна киргизилип, айылдык кеңештин чечими менен бекитилет.
3. Баштапкы төлөм катары 2 058 800 (эки миллион элүү сегиз миң сегиз жүз) сом суммасын белгилөө. Бул сумма «Мамлекеттик лизинг компаниясынын» эсебине, өтүнмө бекитилген күндөн баштап 5 календардык күндүн ичинде төлөнүшү керек.
4. Таш-Мойнок айыл өкмөтү техниканы пайдалануу жана тейлөө менен байланышкан төмөнкүдөй кошумча чыгашаларды өз эсебинен каржылоону камсыз кылсын:
- бажы төлөмдөрү жана жыйымдар;
- транспорт каражатын мамлекеттик каттоо;
- камсыздандыруу;
-бузулуу, зыян келтирүү же техниканын толугу менен жоголушу учурларындагы чыгымдар.
5. «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана тиешелүү башка документтерге кол коюу укугу айыл окмотунун башчысына жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына, ошондой эле айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага Сагындык уулу К.