18-декабрь 2025 жыл № 101

23 Февраля 2026

      Бала бакчаларда тамак-ашка  төлөмдүн өлчөмүн бекитүү

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34 бер. ылайык, кеңештин кароосуна берилген кайрылууну карап, талкууга алып, отурумдун протоколунун негизинде, Таш-Мойнок айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ :

 

1.  2026-жылдын 12-январынан баштап Таш-Мойнок айыл аймагында жайгашкан “Акбермет”, “Бекбол” жана “Жаңы кадам” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучу балдарынын күнүмдүк тамак-ашына ата-энелик төлөм бир күнүнө 100 (жүз) сомдон  бекитилсин.

 

2. Таш-Мойнок айылдык кеңешинин 2021-жылдын 6-сентябрындагы № 25 “Бала бакчалардагы тамак-аш төлөмүн бекитүү туралуу” токтому жокко чыгарылсын.

 

3. Тамак-ашка болгон төлөм ар бир айдын 10-чу күнүнөн кечиктирилбей жүргүзүлсүн.

 

          4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү   өзүмө калтырам.

 

 

Төрага                                                                         Сагындык уулу К.

Файлы:
  1. Токтом № 101 18.12.2025.PDF (77.80 KB)