Кум-шагыл аралашмасын иштетүү үчүн жер тилкесин ижарага берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айылдык кеңештин агрардык комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, «Барс дистрибьюшн» ЖЧКсынын кайрылуусун жана сунушталган материалдарды карап чыгып, жыйындын протоколунун негизинде Таш-Мойнок айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Мойнок айыл аймагынын аймагында № 1168, 1165 контурда жайгашкан, аянты 12 (он эки) гектар болгон жер тилкесин 2025-жылдын 14-мартындагы №50 күбөлүгүнө ылайык кум-шагыл аралашмасын иштетүү максатында «Барс дистрибьюшн» ЖЧКсына ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. «Барс-дистрибьюшн» ЖЧКсы Таш-Мойнок айыл өкмөтү менен жер тилкесин ижара келишимин түзсүн жана жылдык ижара акысы 1 560 000 (бир миллион ) сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. «Барс» ЖЧКсы жер тилкесине ижара укугун мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик органга кайрылсын.
4. Жер тилкесин максаттуу багыты боюнча гана пайдалануу милдеттендирилсин. Максатсыз пайдаланууга тыюу салынсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага С.Ташматов