17 июнь 2025 жыл № 45

24 Февраля 2026

Кум-шагыл аралашмасын иштетүү үчүн жер тилкесин ижарага берүүгө

макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айылдык кеңештин агрардык комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, «Малидат» ЖЧКсынын кайрылуусун жана сунушталган материалдарды карап чыгып, жыйындын протоколунун негизинде Таш-Мойнок айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Таш-Мойнок айыл аймагынын аймагында жайгашкан, аянты 2,0 ( эки) гектар болгон жер тилкесин 2024-жылдын 17-октябрдагы  №35 күбөлүгүнө ылайык кум-шагыл аралашмасын иштетүү максатында «Малидат» ЖЧКсына ижарага берүүгө макулдук берилсин.

2. «Малидат» ЖЧКсы Таш-Мойнок айыл өкмөтү менен жер тилкесин ижара  келишимин  түзсүн жана жылдык ижара акысы 260 000 (эки жуз алтымыш миң ) сом өлчөмүндө белгиленсин.

3. «Малидат» ЖЧКсы жер тилкесине ижара укугун мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик органга кайрылсын.

4. Жер тилкесин максаттуу багыты боюнча гана пайдалануу милдеттендирилсин. Максатсыз пайдаланууга тыюу салынсын.

5. Бул токтомдун   аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

 

Төрага                                                                                  С.Ташматов

 

 

Файлы:
  1. 17 июнь № 45.pdf (108.40 KB)
  2. 17 июнь № 45.pdf (108.40 KB)