17 июнь 2025 жыл № 51

24 Февраля 2026

Жерди которууга (трансформация) уруксат берүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айылдык кеңештин агрардык комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Э.К.Токоновдун арызын талкуга алып,   Таш-Мойнок айылдык кеңеши токтом кылат

1. Таш-Мойнок айыл аймагынын № 117, 196  контурунда жайгашкан жалпы аянты 0,102 га “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай жерлери, транспорт, коммуникациялар, энергетика, коргоо жана башка» багытындагы  категориясына эс алуучу жай уюштурууга которууга  макулдук берилсин.

 

2.   Таш-Мойнок айыл аймагынын № 117, 196  контурунда жайгашкан жалпы аянты 0,102 га “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай жерлери, транспорт, коммуникациялар, энергетика, коргоо жана башка» багытындагы  категориясына эс алуучу жай уюштурууга которууга  Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына өтүнүч берилсин.

 

3.Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына  мыйзам чегинде өтүнүч берсин.

 

4. Бул токтомдун   аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага                                                                         С.П. Ташматов

 

 

 

Файлы:
  1. 17 июнь №51.pdf (121.20 KB)