17 июнь 2025 жыл № 53

24 Февраля 2026

Жерди которууга (трансформация) уруксат берүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айылдык кеңештин агрардык комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, К.О.Джумашовдун арызын талкуга алып,   Таш-Мойнок айылдык кеңеши токтом кылат

1. Таш-Мойнок айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 0,03 га жер тилкесинин  (идент. код № 7-01-17-0019-0011, 7-01-17-0019-0851) “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай жерлери, транспорт, коммуникациялар, энергетика, коргоо жана башка» багытындагы  категориясына конок үйүн  уюштурууга которууга  макулдук берилсин.

 

2.   Таш-Мойнок айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 0,03 га жер тилкесинин  (идент. код № 7-01-17-0019-0011, 7-01-17-0019-0851) “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай жерлери, транспорт, коммуникациялар, энергетика, коргоо жана башка» багытындагы  категориясына конок үй уюштурууга которууга  Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына өтүнүч берилсин.

 

3.Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына  мыйзам чегинде өтүнүч берсин.

 

4. Бул токтомдун   аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага                                                                         С.П. Ташматов

 

Файлы:
  1. 17 июнь № 53.pdf (127.50 KB)