Жерди которууга (трансформация) уруксат берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айылдык кеңештин агрардык комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, М.Дуйшеналиеванын арызын талкууга алып, Таш-Мойнок айылдык кеңеши токтом кылат
1. Таш-Мойнок айыл аймагында № 1071 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0,30 га жер тилкесинин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай жерлери, транспорт, коммуникациялар, энергетика, коргоо жана башка» багытындагы категориясына кошар курууга которууга макулдук берилсин.
2. Таш-Мойнок айыл аймагында № 1071 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0,30 га жер тилкесинин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай жерлери, транспорт, коммуникациялар, энергетика, коргоо жана башка» багытындагы категориясына кошар курууга которууга Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына өтүнүч берилсин.
3.Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына мыйзам чегинде өтүнүч берсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага С.П. Ташматов