Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34 бер.лайык, кеңештин кароосуна берилген кайрылууну карап, талкууга алып, Таш-Мойнок айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Ас-Сафа борбору» коомдук фондуна Кызыл-Бирдик айылынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында «Ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн суу мунарасы менен скважина бургулоо» долбоорунун алкагында Таш-Мойнок айыл аймагынын Кызыл-Бирдик айылынын аймагындагы № 939-контурда жайгашкан жер тилкесине скважина бургалоого жана аны кийинки тейлөө шартында макулдук берилсин.
2. Жер тилкесин максаттуу багыты боюнча гана пайдалануу белгиленсин жана аны башка максатта пайдаланууга тыюу салынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырылсын.
Төрага Сагындык уулу К.