18-декабрь 2025-жыл № 98

24 Февраля 2026

Жерди которууга (трансформация) уруксат берүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айылдык кеңештин агрардык комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун талкуга алып,   Таш-Мойнок айылдык кеңеши токтом кылат

1. Таш-Мойнок айыл аймагынын № 121, 125  контурунда жайгашкан жалпы аянты 29,0 га   “Өнөр жай жерлери, транспорт, коммуникациялар, энергетика, коргоо жана башка багытындагы»  категориясынан  “Калктуу конуш жерлери” категориясына көп кабаттуу турак  үйлөрүнө которууга макулдук   берилсин.

 

2.   Таш-Мойнок айыл аймагынын № 121, 125  контурунда жайгашкан жалпы аянты 29,0 га   “Өнөр жай жерлери, транспорт, коммуникациялар, энергетика, коргоо жана башка багытындагы»  категориясынан  “Калктуу конуш жерлери” категориясына көп кабаттуу турак  үйлөрүнө которууга  Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына өтүнүч берилсин.

 

3.Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына  мыйзам чегинде өтүнүч берсин.

 

4. Бул токтомдун   аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага                                                                         Сагындык уулу К.

 

 

Файлы:
  1. 18- декабрь № 98.pdf (114.50 KB)