Жергиликтүү демилгелерди каржылоого жарыяланган конкурс

07 Декабря 2019

Жергиликтүү демилгелерди каржылоого жарыяланган конкурс жөнүндө

КУЛАКТАНДЫРУУ

1. Кулактандыруу чыккан күн: 2019-жылдын «07»-_Декабрь .

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы    Таш-Мойнок айыл окмоту.

3. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу мөөнөтү:  29-декабрь 2019 ж.

4. Конкурска катышууга конкурстук өтүнмөнү берүү үчүн зарыл документтер:

1) кулактандыруунун 1-тиркемесине ылайык жазылган арыз.

2) паспорттун көчүрмөсү (жеке жактар үчүн), юридикалык жак катары каттоодон өткөнү тууралуу күбөлүктүн жана уставдын көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн);

3) кулактандыруунун 2-тиркемесине ылайык жазылган сунуш (жергиликтүү демилгенин сүрөттөлүшү) жана кулактандыруунун 3-тиркемесине ылайык жазылган бюджет.

Сунушка (жергиликтүү демилгенин сүрөттөлүшүнө) төмөнкүлөр тиркелет: милдеттенме каттар, чыгымдарды тастыктаган, конкурстун катышуучусунда ресурстар бар болгонун ырастаган финансылык жана башка документтер (жергиликтүү демилгенин мазмунуна жараша), эгерде зарыл болсо – жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон продукттарды, анын жыйынтыктарын жана объекттерди андан ары эксплуатациялоонун жана башкаруунун планы.

5. Конкурс жарыяланган жергиликтүү маанидеги маселелер, жергиликтүү демилгелер:

Бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу »

6. Конкурс өтчү убактысы, орду жана тартиби:

Убактысы: 16.12.19ж саат 10-00 чейин.

Орду: Айыл өкмөттүн  имараты, Кой-Таш айылы, Аблесов көчөсү, 51

Конкурс Таш-Мойнок айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин 2019-жылдын «31»- октябрь № 35 токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобого ылайык өткөрүлүп жатат. Аталган Жобо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын расмий сайтына жайгаштырылган. (сайт: tash-moinok.kg ).

7. Кулактандыруунун 4-тиркемесине ылайык долбоордук сунуштарды баалоо критерийлери.

8. Конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо мөөнөтү:    17- декабрь 2019ж.

9. Бир жергиликтүү демилгени ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттын максималдуу суммасы (эгерде сумма белгиленсе жазылат); 10 000 сом

10. Конкурска катышуу үчүн формаларды алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын почта дареги  жана (же) бул формаларды электрондук түрүндө көчүрүп алуу үчүн анын расмий сайты:

Чуй облусу, Аламудун району,  Кой-Таш айылы, Аблесов  көчөсү, 51  

Расмий сайты: tash-moinok.kg 

 Электрондук почтасына жазып кайрылуу:  tashmoinok@mail.ru.

11. Маалымат же түшүндүрмө сурап кайрылуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жооптуу адамы менен байланышуу жолдору (фамилиясы, аты, телефон номери жана электрондук почтасынын дареги):

ФИО: Шапакова Элида Кучкачовна-башкы адис,  каб.№4  Тел: 0559785828,

ФИО: Шишбашева Бактыгул Медетовна башкы адис, каб.№ 5 Тел: 0709 477729

Айыл окмоттун электронндук почтасы: tashmoinok@mail.ru.

12. Конкурстун шарттарын түшүндүрүп берүү өтүнмөлөрүн жиберип, жооп алуу үчүн мөөнөт:14-декабрь 2019-ж

13. Конкурска катышууга документтерди жиберүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын почта дареги: Чуй облусу, Аламудун району, Кой-Таш айылы, Аблесов көчөсү 51, расмий сайты: tash-moinok.kg  жана электрондук почтасы:  tashmoinok@mail.ru.

14.  Конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү:

Күнү:    14-декабрь 2019-ж.

Убактысы:  Кечки саат 17 -00 го чейин.

15. Конкурстук өтүнмөлөр конкурстун катышуучуларына тизме боюнча берилет, ага конкурстун катышуучулары кол коюп, мөөр менен күбөлөндүрүлүшү керек (юридикалык жактар үчүн).

16. Конкурстук өтүнмөлөр үчүн формалар (кулактандыруунун тиркемелери) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын расмий сайтына жайгаштырылышы керек (сайт болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын маалымат тактасына жайгаштырылат) жана кызыкдар тараптардын суроо-талабы менен берилет.

17. Конкурстун катышуучусу конкурстук өтүнмөлөрдү комиссияга мамлекеттик же расмий тилде төмөнкү жолдордун бири менен берсе болот:

1) чапталган конверттин ичине салып, кагаз түрүндө жеке өзү алып барат, же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын почтасына жиберет;

2) PDF форматында сканерден өткөрүлгөн түрүндө электрондук почта аркылуу жиберет же конкурстун шарттарында ушундай мүмкүнчүлүк каралса, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын расмий сайтына жиберет.