2020-жылдын 28-январында, аталган конкурстун жыйынтыгында байгелүү орунга ээ болгондордун арасынан Беш-Күнгөй айылынын тургуну Турдиева Ризвангүл тарабынан даярдалган “Китеп – билим булагы” аттуу демилгеси ишке ашырылды.
Беш-Күнгөй айылынын орто мектебинин жыйындар залында уюштурулган иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү жашоочулар жана окуучулардын катышуусунда сценарийлиштерилген оюн-зоокко 30-50 окуучу жана жергиликтүү тургундар катышышты. Анда окуучулар Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме”, “Биринчи мугалим”, “Эрте келген турналар” сыктуу чыгармаларынын үзүндүлөрүн театралдаштырып беришти.