Жергиликтүү демилгелерди каржылоого жарыяланган конкурс.

07 Декабря 2019

Жергиликтүү демилгелерди каржылоого жарыяланган конкурс.

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айылдык аймагынын айыл өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди колдоого алуу жана каржылоо жолу менен, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн, алардын бирикмелеринин, башка жеке жана юридикалык жактардын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө жигердүү катышууларын кызыктыруу[1] максатында, 2019-жылдын 7-декабрында:

“Бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү”
“Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу”

деген аталышта эки конкурс жарыяланган.

Конкурс Таш-Мойнок айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин 2019-жылдын 31-октябрь № 35 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобого” ылайык өткөрүлүп жатат. Аталган Жобо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын расмий сайтына жайгаштырылган: www.tash-moinok.kg

Конкурстун жыйынтыгын чыгаруу боюнча №185-буйруктун негизинде атайын 5 кишиден турган конкурстук комиссия түзүлгөн.

Конкурска бардыгы болуп 4 сунуштама тийиштүү документтери менен түштү:

“Сыйкырдуу өлкө”, автору: Акбаева Асель Жумабековна, Кой-Таш а. коомчулук окүлү
“Балаты 2020”, автору: Ажибаева Назира, Горная Маевка айылынын тургуну
“Жакшы китеп – жан досум”, автору: Токтобекова Акылай, Горная Маевка айылынын тургуну
“Китеп – билим булагы”, автору: Турдиева Ризвангүл, Беш-Күнгөй айылынын тургуну.

 

Бүгүн, 2020-жылдын 28-январында, аталган конкурстун жыйынтыгында байгелүү орунга ээ болгондордун арасынан Беш-Күнгөй айылынын тургуну Турдиева Ризвангүл тарабынан даярдалган “Китеп – билим булагы” аттуу демилгеси ишке ашырылды. Демилгении максаты: айыл тургундарын, артыкча окуучу балдарды китепке болгон кызыгуусун артыруу, аларды китеп менен достоштуруу.

Беш-Күнгөй айылынын орто мектебинин жыйындар залында уюштурулган бүгүнкү иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү жашоочулар жана окуучулардын катышуусунда сценарийлиштерилген оюн-зоок пландалып, ага 30-50 окуучу жана жергиликтүү тургундар катышышты. Анда окуучулар Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме”, “Биринчи мугалим”, “Эрте келген турналар” сыктуу чыгармаларынын үзүндүлөрүн театралдаштырып беришти.

үү демилгелерди колдоо максатында жергиликтүү бюджеттен 20 000 сомго 1 ноутбук алынып, ал Турдиева Ризвангүлгө мыкты демилгеси үчүн тапшырылды.

Мындан сырткары, Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташуу Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоору тарабынан 27 миң сом дем берүүчү байге каралып, ал суммага проектор жана А. Осмоновдун, Т. Касымбековдун чыгармалары, “Манас” эпосунун басылмалары белекке берилди./upload/file/kitep_bilim_bylagu.JPG

[1] Иш-чара 2019-жылдын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2019-жылдын 5-сентябрындагы № 01-18/84 буйругу менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” Типтүү жобону ишке ашыруу максатында өткөрүлдү. Кененирээк: http://vap.kg/ky/press_room/news/full/1028.html